19.11.2018 22:10

«Эми эмне мага акниетүүлүк менен жашаганга болбойбу?», - А.Атамбаев чет өлкөдөн вилла сатып албай, ата-бабасынын жеринде үй салууну чечкенине токтолду

«Эми эмне мага акниетүүлүк менен жашаганга болбойбу?», - А.Атамбаев чет өлкөдөн вилла сатып албай, ата-бабасынын жеринде үй салууну чечкенине токтолду

«Апрель» телеканалына берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев «башка байларга окшоп Лондон же Түркияда, Босфордун жээгинде вилла сатып алсам болмок, бирок Кыргызстанда, өзүмдүн ата-бабаларымдын жеринде үй салууну чечтим» деген. Курулуш үчүн Кой-Таш айылындагы 6,5 га жерди Атамбаевдин айтуусунда Албек Ибраимов сунуштаган. 

«Биз бул жерге келгенде үй бар болчу, бирок анын жасалгасы жок эле. Ошол убакта эле эки кабат курулуптур, үчүнчү кабаты жаңы башталган экен. Мына кирпич коробкасы турган. Мен 1 кабаттуу үйлөрдү жактырам, бирок долбоору бекитилип калыптыр. Мени жердин кооздугу багындырды. Анын үстүнө менин ата-бабаларым отургузган бактарды да көрдүм. Биз келишим түзүп, кол алыштык»,- деди Атамбаев. Сөз арасында үй кимден сатылып алынганын сураганда, Ибраимов, жеке тараптан алганын билдиргенин да кошумчалады.     

«Ал кийин менден кечирим сурады, көрсө жеке тарап аны убагында «Дастандан» сатып алган экен да. Мен, мисалы билген эмесмин. Ошондуктан бул комплексти сатып алып, курулушту аягына чыгардым. Мен жылына 2 млрд. сомго чейин киреше ала алчумун. Мен мындай үйдүн бир нечесин сала алам. Бирок, мен деле башка бай адамдарга окшоп Түркиядан, Дубай, Англия, АКШ же дагы башка жерден эле вилла сатып алып, ал эми менин аталарым жашап өткөн жерге үй салбашым керек болчу тура. Бул мени шок абалына алып келди. Анткени салык декларацияларын карасаң эле, биздин чиновниктер менен башчылар үйсүз болуп чыга келишет. Ошол эле депутаттардын байлыктары аялдарына, күйөө балдарына, ага-инилерине жазылган. Өмүркулов дагы үйсүз. Анан ошондо бизге ачык-айкын жашоого болбойбу? Экс-президент таза адам катары эч жакка качпай, өзүнүн балдарына, неберелерине кала турган үй салгандын эмнеси жаман?»,- деди Атамбаев.

Экс-президенттин айтуусунда ал элдик Апрель революциясынан кийин бардык активдерин Кыргызстанга которгон, анткени ал, байлыгын өзүнүн өлкөсүнүн өнүгүшүнө салууга даяр.    

Ала-Тоо аянтында гранит плиталары уурдалып, Кой-Ташта салынган үйүн жасалгалоодо колдонулду деген такталбаган маалымат боюнча дагы Алмазбек Атамбаев суроолорго жооп берди. 

“Мен 7-апрель күнү набыт кеткендердин урматына шаарыбызда мемориалдык мечит куруп жатам. Мына ошол 7-кичи райондо жайгашкан мечитке ким барып көрсө, ал дагы дал ошондой гранит менен жасалгаланганын көрө алат, мен дал ошондой өңдү дагы тандагам. Ошол мечит үчүн мен гранитти сатып алгам. Бирок мен жөнүндө мындай айың-кепти уурдаганга көнгөндөр, Дүйшөбаев, Каптагаевдерге окшогондор айтышат. Алар өмур бою чиновник болуп жүрүшүп эле мультимиллионер болуп алышкан. Мен таза адаммын. Мен миллиарддаган сомдорду иштеп тапкан кезде, бүгүнкү мультимиллионерлер мектепке барышчу же жаңыдан гана институтту аякташкан. Алар түрдүү ресторан, кафе, тойканаларды, шаардын борборунда өздөрүнө хан-сарайларды курушат. Аларга болот. Бирок, акчаны өзү иштеп тапкан, Кыргызстанда жашагысы келген мага болбойт. Ичи тардык – бул өтө начар сезим. Кудай ичи тарларга эч нерсе бербейт. Ак эмгек менен таза акчага жасалган иштерге кубаныш керек”,-деп белгиледи Атамбаев.